Бүгүн Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан жана Россиянын премьер-министрлери келишти.
Анда интеграциялык биримдик алкагындагы талылуу маселелер каралып, бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар 25-августта башталган.
Белгилеп кетсек, быйыл Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.