Аймактар үчүн жеңилдетилген ипотекага квота киргизилүүдө

Кыргызстандын аймактары үчүн жеңилдетилген ипотекага квота киргизилүүдө.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, “Жеңилдетилген ипотека” багыты боюнча турак жай программасына катышуучулардын жалпы тизмесинен аймактарга өзүнчө артыкчылык берилет.

Ал азыркы тизме боюнча аныкталат.

Банктарда каржылоо үчүн электрондук кезекке арыздары кабыл алынган турак жай программасынын катышуучулары өздөрүн ипотекалык компаниянын сайтынан текшере алат.

Квота боюнча тизмеге киргендер жакында СМС билдирүү алышат.

Аларга турак жай таап, документтерин тапшырууга 20 күн берилет.