Кыргызстан өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарды сыйлоо аземи бүгүн Ала-Арча резиденциясында өтөт

Кыргызстан өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарды сыйлоо аземи бүгүн Ала-Арча резиденциясында өтөт. Салтанаттуу иш-чарага өзгөчө эмгеги үчүн ар кыл тармактын өкүлдөрү катышат.

 

Тизмеде коомдук жана саясий ишмерлер, ишкерлер, искусство адамдары жана башкалар бар.

 

Сыйлыктар социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата ыйгарылды.