Бишкекте жумуш издегендер үчүн кезектеги жарманке өтөт. Бул тууралуу ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева билдирди. Анын айтымында, жарманке октябрь айына белгиленди.
Иш-чарада жеке компаниялардын ээлери иш издегендерге бош орундарды сунуштайт. Адатта миңдеген вакансия кездешет.