Кыргызстанда райондук кеңештер түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, райондук кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби жана ыйгарым укуктары тууралуу убактылуу жобо бекитилет.
Ал 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Жалпысынан 40 райондо 1 миң 297 депутат шайланары күтүлүүдө. Бир кеңеште райондогу калктын санына жараша 20дан 60ка чейин депутат отурат.