Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» байланыштуу эки кылмыш иши козголгонун билдирди.

Анда «2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген. Мындан сырткары министр Бекмурзаев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, «Теплые ключи” саламаттыкты чындоо комплексинин объекттерин оңдоодо жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтирген», — деп жазылган маалыматта.

Кылмыш иштеринин козголгону тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жана Бекмурзаев азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын июль айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бекмурзаевге оозеки эскертүү берген. Анын алдында Жогорку Кеңеште энергетика министринин ишине сын доомат көп айтылган.

Доскул Бекмурзаев айтылган дооматтарга жооп кайтарып, өзү башкарган мекеменин чамасы чак экени, акча кызматкерлердин айлыгына да жетпей жатканы менен түшүндүргөн.

Ал бул кызматка 2021-жылдын июнь айында дайындалган. Кызматка киришип жатканда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын билдирген.