Криштиану Роналду Сауд Арабиялык клубдун сунушун четке какты

Криштиану Роналду Сауд Арабиялык клубдун сунушун четке какты. Mirror басылмасы билдиргендей, клуб Роналдуга жылына 240 миллион евролук айлык сунуштаган.

 

Форвард макулдугун берсе, автоматтык түрдө дүйнөнүн эң кымбат оюнчусуна айланмак, бирок ал бул варианттан баш тартты. Буга карабай, Роналду “Манчестер Юнайтед” клубунан кетиши мүмкүн деген маалыматтар чындыкка жакын. Анткени, футболчунун жетекчиликке нааразылыктары бар.