Кыргызстандан Россияга рекорддук сумма которулду

Июль айында Кыргызстандан Россияга ар кандай акча которуу системалары аркылуу рекорддук сумма — 110 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди.

Белгилеп кетсек, трансферттердин суммасы боюнча мурунку рекорд бир ай мурда, июнда катталып, 82 миллион долларды түзгөн.

Жалпысынан январдан июль айына чейин өлкөдөн Россияга 455 миллион доллардан ашык жөнөтүлгөн.

Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 170 миллион долларга көп.