Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бюджеттик колдоо алат

Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бюджеттик колдоо алат.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, келишимге былтыр кол коюлган.

Каражаттын жалпы суммасы 80 миллион долларды түзөт.

Акча республиканын бир нече тармагын каржылоого, атап айтканда, туризмди жана бизнести колдоого жумшалат.