Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына жеңилип калды

Мээрим Жуманазарова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына жеңилип калды. Канадалык Линда Морайс 6:5 эсебинде жеңишти илип кетти. Эгер Линда Морайс финалга чыга турган болсо, анда Жуманазарова көңүл жубатуучу кармашка чыгат. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты Белград шаарында өтүп жатат.… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу башталды

Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирди. Анда тажик чек арачылары «Достук» бекетин көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп берип жатканы айтылат. Тажикстан буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.  

Тажикстанда “Ювентус” футболдук клубунун академиясы ачылды

Тажикстанда “Ювентус” футболдук клубунун академиясы ачылды. Душанбедеги футбол аятнчасы пайдубалы, газону жана жарыктандыруусунан бери ФИФАнын техникалык көрсөтмөлөрүнө ылайык жасалган. Академия “Ювентус” клубунун методологиясы менен жаш өспүрүмдөрдү машыктырат. Ага 5тен 16 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Учурда “Ювентус академиясы” долбоору Европа, Азия жана Американын 50дөн ашык… Кененирээк…

Долларлык миллионерлердин көбү Нью-Йорк, Токио жана Сан-Францискодо жашайт

Дүйнөдө долларлык миллионерлердин көбү Нью-Йорк, Токио жана Сан-Францискодо жашайт. Байлардын эң көп саны Сидней, Гонконг, Франкфурт, Торонто, Цюрих, Сеул жана Женевада да белгиленген. Талдоочулардын айтымында, миллионерлер бул шаарларды бир нече себептерден улам тандашат. Алардын арасында инклюзивдүүлүк, таланттарды колдоо, ишкердик үчүн шарттар, коопсуздук, ден соолук жана… Кененирээк…

Ноокат районунун тургундарына акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү

Ноокат районунун тургундарына акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү. Жергиликтүүлөр менен жолугушууларды Юстиция министрлигинин кызматкерлери жана башка эксперттер өткөрүштү. Жарандар адистерге жөлөк пул алуу, Россияга кетүүдө документтерди тариздөө, паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу боюнча жаралган көйгөйлөрдү айтып беришти. Суроолордун баары угулуп, кароого алынганы белгиленди.

Өлкөдөгү алты ооруканага компьютердик томографиялык аппараттар орнотулат

Өлкөдөгү алты ооруканага компьютердик томографиялык аппараттар орнотулат. Инвестиция боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, бул боюнча мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн долбоордук келишимине кол коюлду. Заманбап аппараттар Өзгөн, Токтогул, Кадамжай, Балыкчы аймактык ооруканалары, №4 Клиникалык тез жардам ооруканасы жана Республикалык диагностикалык борборго жайгаштырылат. Инвестор катары ачык сынактын жыйынтыгы менен… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бүгүнкү күндө 5 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бүгүнкү күндө 5 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди. Анын айтымында, каражаттын төрт миллиарддан ашыгы тышкы милдеттенмелер, калганы ички береселер. Кыргызстан акчанын негизги бөлүгүн Кытайга карыз. Башка кредиторлор: Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банк жана Азия… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш жабык эшик артында жыйынга чогулду

Жогорку Кеңеш бүгүн, 14-сентябрда жыйынды жабык эшик артында өткөрүүдө. Вице-спикер Улан Примов парламент жыйынды жабык эшик артында өткөрөрүн билдирип, карала турган маселе бар экенин белгилеп өттү. Кошумчаласак, депутаттар түшкө чейин бир катар мыйзам долбоорун ачык карап, кабыл алды.

Кытайда 15 666 666 666 телефон номери аукциондо сатылууда

Кытайда 15 666 666 666 телефон номери аукциондо сатылууда. Уюштуруучулардын айтымында, бул өлкөдөгү эң кооз жана эң ийгиликтүү номер болуп эсептелет. Сатык расмий түрдө 10-октябрда старт алып, номердин баштапкы баасы 2 миллион долларды түзөт.   Анын балансында 55 миң доллар бар, бирок номерди сатып ала турган киши бул… Кененирээк…

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары чет элдик студенттердин эсебинен жылына 5 миллиард сомго чейин табат

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары чет элдик студенттердин эсебинен жылына 5 миллиард сомго чейин табат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Анын айтымында, республикада учурга карата 70 миң 524 чет элдик жаран билим алат. Алардын басымдуусу Индия, Пакистан жана Өзбекстан жарандары. Көбү медициналык… Кененирээк…