Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрда түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Как-Сай аймагында атышуу башталганын билдирди.
Анда тажик чек арачылары «Достук» бекетин көздөй ок чыгарганы, кыргыз тарап ага жооп берип жатканы айтылат.
Тажикстан буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.