Кыргызстандын мамлекеттик карызы бүгүнкү күндө 5 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бүгүнкү күндө 5 миллиард доллардан ашты.

Бул тууралуу каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, каражаттын төрт миллиарддан ашыгы тышкы милдеттенмелер, калганы ички береселер. Кыргызстан акчанын негизги бөлүгүн Кытайга карыз.

Башка кредиторлор: Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы.