Кыргызстандын жогорку окуу жайлары чет элдик студенттердин эсебинен жылына 5 миллиард сомго чейин табат

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары чет элдик студенттердин эсебинен жылына 5 миллиард сомго чейин табат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Анын айтымында, республикада учурга карата 70 миң 524 чет элдик жаран билим алат. Алардын басымдуусу Индия, Пакистан жана Өзбекстан жарандары. Көбү медициналык багытта окуйт.