Жогорку Кеңеш жабык эшик артында жыйынга чогулду

Жогорку Кеңеш бүгүн, 14-сентябрда жыйынды жабык эшик артында өткөрүүдө.

Вице-спикер Улан Примов парламент жыйынды жабык эшик артында өткөрөрүн билдирип, карала турган маселе бар экенин белгилеп өттү.

Кошумчаласак, депутаттар түшкө чейин бир катар мыйзам долбоорун ачык карап, кабыл алды.