Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына жеңилип калды

Мээрим Жуманазарова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына жеңилип калды.

Канадалык Линда Морайс 6:5 эсебинде жеңишти илип кетти.

Эгер Линда Морайс финалга чыга турган болсо, анда Жуманазарова көңүл жубатуучу кармашка чыгат.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты Белград шаарында өтүп жатат.

Ага Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Учурда өлкө куржунунда үч медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековдо алтын жана Амантур Исмаилов коло уткан.