Өлкөдөгү алты ооруканага компьютердик томографиялык аппараттар орнотулат

Өлкөдөгү алты ооруканага компьютердик томографиялык аппараттар орнотулат.

Инвестиция боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, бул боюнча мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн долбоордук келишимине кол коюлду.

Заманбап аппараттар Өзгөн, Токтогул, Кадамжай, Балыкчы аймактык ооруканалары, №4 Клиникалык тез жардам ооруканасы жана Республикалык диагностикалык борборго жайгаштырылат. Инвестор катары ачык сынактын жыйынтыгы менен кытайлык компания тандалган.

Инвестициянын көлөмү беш миллион доллардан ашат.

Долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жыл бою ишке ашырылат.