Баткенге жардам катары 315 миллион сомдон ашык чогулду

Баткенге жардам катары 315 миллион сомдон ашык чогулду. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 3,5 миңден ашык которуу жүргүзүлдү. Каражат азырынча атайын ачылган эсепте сакталууда.

 

Аны багыттоо баштала элек. Чогулган сумманы туура бөлүштүрүүгө Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жооптуу болот.