Кыргызстан Түркмөнстандан 2 миллиард кВт саат электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан 2 миллиард кВт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтымында, Түркмөнстандан алына турган электр энергиясы Өзбекстан аркылуу транзит менен өтөт. Буга байланыштуу келишимге 12-14-октябрда Ашхабад шаарында кол коюлат. Ибраев кошумчалагандай, Кыргызстан 2023-жылы Казакстандан 600 кВт саат электр энергиясын сатып алат.