Лионель Месси Чемпиондор Лигасындагы рекордун жаңыртты

Лионель Месси Чемпиондор Лигасындагы рекордун жаңыртты. ПСЖнын чабулчусу “Бенфика” менен беттеште гол киргизди. Бул анын Чемпиондор лигасынын алкагында дарбазасын багындырган кыркынчы команда болуп калды.   Муну менен ал дагы бир рекорд орнотту – Месси турнирдин 18 сезонунда атаандаштын дарбазасына топ киргизген жалгыз футболчу.  

Ижарага алынган батирлерден чыгарылган жарандар юридикалык жардамга Юстиция министрлигине кайрылса болот

Ижарага алынган батирлерден чыгарылган жарандар юридикалык жардамга Юстиция министрлигине кайрылса болот. Ведомстводон билдиришкендей, юристтер жана жактоочулар мындай учурларда эмне кылса боло турганын айтып беришет.   Эске салсак, соңку 2 жумада социалдык тармактарда батир ээлери ижарачыларды кууп чыгууда деген маалыматтар көп тарап жатат.   Анткени, алар… Кененирээк…

Кыргызстанда мектептердин басымдуу бөлүгү ысык тамак менен камсыздалган

Кыргызстанда мектептердин басымдуу бөлүгү ысык тамак менен камсыздалган. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин милдетин аткарып жаткан Уланбек Мамбетакунов айтып берет.   “2021-22 окуу жылына карата республика боюнча 1735 мектепте ысык тамак 1-4-класстардын окуучуларына берилип келатат. Баткен облусунда 186 мектеп, Бишкекте 153 мектеп, Ысык-Көл облусунда… Кененирээк…

Кыргызстанда кийинки жылы баалар дагы өсөт

Кыргызстанда кийинки жылы баалар дагы өсөт. Мындай божомол  2023-2025-жылдарга карата бюджеттин долбоорунда келтирилди. Ага ылайык,  2023-жылы өлкөдө инфляция 7,5 пайызга жетет.   Бул болжол менен баалар 7,5 пайызга өсө дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, январда кайсы бир товар же азык 100 сом болсо, жыл аягына чейин… Кененирээк…

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, облус боюнча 280 үйдүн орду урандыдан тазаланды.   Тазалоо иштерине 200дөн ашуун адам тартылып, 55тей техника иштеп жатат. Жарандык коргонуу комиссиялары жабыркаган турак жайларды тактоо иштерин улантууда.… Кененирээк…

Кыргызстандык Дархан Эргешов жиу-житсу боюнча Азия чемпиону болду

2-3-октябрда Бириккен Араб Эмираттарында жиу-житсу боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда кыргызстандык Дархан Эргешов көк кур категориясында 77 килограммга чейинки салмакта күрөштү. Кыргыз балбаны алгач кувейттик, анголалык, ооганстандык жана сальвадордук атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү беттеште ирактык Ахмед Аланини 2:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.

Санкт-Петербургда 27 кыргызстандык мигрант тамакка ууланды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык мигранттар жапырт ууланган окуя тууралуу маалымат берди. Анда «Прайдекс» курулуш фирмасында иштеген Кыргызстандын 27 жараны ооруканага жаткырылганы айтылат. «Аталган фирма жумушчуларды жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылган жана кыргызстандык жарандар Лахта-Борбордогу курулушта иштеп жаткан. Учурда… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук» чек ара бекетине чектөө киргизилди

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде капиталдык курулуш жана имараттарды оңдоо иштери аяктагандыгына байланыштуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, өткөрүү пункту бүгүн түшкү саат 2ге чейин чектелген режимде иштейт. Чек ара кызматы жарандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле… Кененирээк…

Кыргызстандык үч оор атлетчи Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандык үч оор атлетчи Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Азия чемпионаты 5-15-октябрь күндөрү Бахрейндин Манама шаарында өтөт. Мелдешке катыша турчу курама команданын тизмеси: 61 кг — Ишенбек Муратбек уулу; 89 кг — Эмил Молдодосов; 102 кг — Бекдөөлөт Расулбеков.… Кененирээк…

Тажикстан Баткендиктердин мал-жандык, унааларын өткөрүп берди

Тажикстандын Ворух анклавынын милициясы Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундарына таандык 12 жылкыны жана эки унааны өткөрүп берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү бийликтен билдиришти. Маалыматка караганда, эки тараптын милициясы бул багытта иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүнкү күндөгү маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу… Кененирээк…