Бийлик Баткен облусун калыбына келтирүүдө каржылык институттардан жардам сурады

Бийлик Баткен облусун калыбына келтирүүдө каржылык институттардан жардам сурады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, алардын айрымдары социалдык программаларды каржылоого даярдыктарды көрүп баштады.

 

Чиновник мамлекеттик банктарды, өнүктүрүү фонддорун жана башка мекемелерди Лейлек, Баткен райондорундагы бизнес-долбоорлорду каржылоого чакырды. Бул жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзөт.

 

Андан тышкары, фонддорго “Лейлек” эркин соода аймагын түзүү боюнча долбоорду карап чыгуу сунушу берилди.