Кыргызстан мектептерин 12 жылдык окуу программасына өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат

Кыргызстан мектептерин 12 жылдык окуу программасына өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрин милдетин аткаруучу Уланбек Мамбетакунов билдирди.

 

Анын айтымында, аталган система окуу китептери даяр болгон, мамлекеттик билим берүү стандарды кайра каралып чыкканда киргизилет.

 

Белгилеп кетсек, бул демилге буга чейинки министр Алмазбек Бейшеналиевге таандык, анын пикиринде 12 жылдык окуу программасы киргизилгенде, балдарды биринчи класска даярдоо зарылчылыгы жоюлат.