Баткен облусунда жабыркаган айылдардын генералдык планын иштеп чыгуу башталды

Баткен облусунда жабыркаган айылдардын генералдык планын иштеп чыгуу башталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, кеп Достук, Капчыгай жана Ак-Сай айылдары тууралуу болуп жатат.

 

Адистер тилкелерди изилдеп, аткарылчу жумуштарды аныктап, жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

Ведомстводон белгилешкендей, жалпысынан чек ара жаңжалында 640 үй жабыркады, анын 400дөн ашыгын калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле жүздөгөн объектилер, курулуштар жараксыз абалга келди.