“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына жаңы лидер дайындалды

Депутат Бакыт Сыдыков “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын кезектеги жыйынында фракциянын лидери катары Бакыт Сыдыков дайындалды. Белгилеп кетсек, аталган фракциянын мурдагы төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды. Ал эми парламенттин… Кененирээк…

Кыргызстан таэквондо боюнча Дүйнө кубогунда 18 алтын медаль алды

Кыргызстандык спортчулар таэквондо GTF боюнча Дүйнө кубогунда 18 алтын медаль багындырды. Бул тууралуу өлкөнүн таэквондо федерациясынан билдиришти. Казань шаарында 28-сентябрдан 3-октябрга чейин эл аралык мелдеш өтүп, ага 16 өлкөдөн 750дөн ашык спортчу катышты. Кыргызстандын атынан 19 спортчу барып, 30 медаль багындырды. Анын ичинен 18и алтын,… Кененирээк…

Жогорку Кеңеште жаңы “Мекенчил” тобу түзүлдү

Жогорку Кеңеште жаңы “Мекенчил” тобу түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди. Ал “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан бир мандат менен шайланып келген депутаттар бөлүнүп чыккандыгын айтты. “Биз “Мекенчил” деген топ түздүк. Азыр 14 депутат кирди. Муну спикер келгенде айтайын дедим эле, Жамиля Кубанычбековна.… Кененирээк…

Баткенге жардам үчүн ачылган атайын эсепке 315 млн сомдон ашык которулду

Баткен облусуна жардам үчүн ачылган атайын эсепке 315 миллион сомдон ашык которулду. Бул Каржы министрлиги берген соңку маалымат. Сумманы Кыргызстандын кайдыгер эмес жарандары топтоду. Ведомстводон белгилешкендей, каражат азырынча Баткенге багыттала элек. Аны туура бөлүштүрүүгө президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.

Бишкекте 8-октябрда жалпы ишембилик өтөт

Бишкекте 8-октябрда жалпы ишембилик өтөт. Шаардык мэрия бардык калаа тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди республикалык ишембиликке катышууга чакырат. Эске салсак, иш-чара буга чейин 17-сентябрга белгиленген. Бирок кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу токтотулган.

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына жети талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчы судьялык… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда дээрлик 234 миң гектар буудай жыйналды

Быйыл Кыргызстанда дээрлик 234 миң гектар буудай жыйналды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев түшүм жыйноо маселеси боюнча жыйында билдирди. Маалыматка ылайык, түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн. Буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 28 центнерди түзгөнү белгиленди.

Жалал-Абад облусунун Казарман айылында жаңы тигүү цехи ачылды

Жалал-Абад облусунун Казарман айылында жаңы тигүү цехи ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, цехке Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөттү. Долбоорго жалпы 1 миллион 400 миң сом бөлүнгөн. Учурда аталган жайда 20дан ашуун кыз-келин жумуш менен камсыздалды. Тигилген кийимдер Бишкек шаарына жана Россияга экспорттолот.