8-октябрда Бишкекте жалпы ишембилик өтөт

Келе жаткан ишембиде, 8-октябрда Бишкекте жалпы ишембилик өтөт. Мэрия шаар тургундарын өздөрүнө тиешелүү аймакты жыйнап-тазалоого чакырат. Таза шаар биринчи кезекте жарандарга керек, — дешет муниципалитеттен.

 

Белгилеп кетсек, буга чейинки жалпы ишембилик Баткен окуяларына байланыштуу жылдырылган болчу.