Кыргызстанда майыптыгы бар жарандар үчүн мамлекеттик калыбына келтирүү борбору ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда майыптыгы бар жарандар үчүн мамлекеттик калыбына келтирүү борбору ачылышы мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

 

Ведомство маалыматына ылайык, өлкөдө учурга карата ар кандай майыптыгы бар 200 миң адам жашайт. Алардын көбү кымбат жеке борборлордун кызматтары менен колдонууга аргасыз.

 

Андыктан, мамлекеттик негизде жана акысыз калыбына келтирүү кызматтарын көрсөтүү пландалууда.

 

Борбордун ачылышы менен ага жыл сайын бюджеттен  27 миллион сом бөлүш керек болот.