Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үйлөрү талкаланган жарандарга 300 миң сомдон берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үйлөрү талкаланган жарандарга 300 миң сомдон берилет. Бул тууралуу “Турмуш” агенттигине президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге шилтеме келтирип билдирет.

 

Анын айтымында, каражат эки бөлүп тапшырылат. Жарандарга банк эсебин ачуу сунушталат.

 

Чиновник белгилегендей, жаңжалда келтирилген материалдык зыянды эсептөө уланууда. Бүгүнкү күнгө карата 423 үй-бүлө турак-жайсыз калганы белгилүү.