Гонконг бийлиги коронавирустук чектөөлөрдү алгандан кийин туристтерди акысыз авиа билеттер менен кызыктырып баштайт

Гонконг бийлиги коронавирустук чектөөлөрдү алгандан кийин туристтерди акысыз авиа билеттер менен кызыктырып баштайт. Пандемиядан улам аталган шаарга чет элдиктер көп келбей калды.

 

Туристтерди кайра тартуу үчүн жергиликтүү бийлик 500 миң авиа билет сатып алып, эми аларды таратуу ниетинде. Белгилеп кетсек, коронавирустук чектөөлөр 6 айдан кийин толук алынат.

 

Учактарга акысыз орундарды кандай шартта алса болот, азырынча белгисиз.