Эртең Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин «Энесай», «Дордой-1» жана «Дордой-2» жаңы конуштарында суу убактылуу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-ноябрда эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Муну себеби оңдоо иштерине байланыштуу.