Кыргызстандык спортчулар жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында беш медаль жеңди

Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасы Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө чемпионатында беш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Балбандар эки күмүш жана үч коло утту. 94 кг салмакта Иса Ахмедов жана пара жиу-житсу боюнча 77 кг салмак категориясында Азат Бакиров күмүш… Кененирээк…

Кореялык ишкерлер Нарынга чакан ГЭС кургусу келет

Кореялык ишкерлер Нарынга чакан ГЭС кургусу келет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун Кореяга иш сапарында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө теңир тоо менен Ганвон-до Инже округунун ортосунда достук алакасы түзүлүп, өз ара кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба долбоорлорун… Кененирээк…

Бекболот Токтогонов самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Бекболот Токтогонов самбо боюнча дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мындан сырткары, Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча алтын, Феликс Уланбеков күмүш, Жамалбек Асылбек уулу жана Саяк Бараканов коло байгеге ээ болгон. Эске салсак, мелдеш Бишкекте 11-13-ноябрь аралыгында өтүп,… Кененирээк…

Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Novosti.kgге Сейсмология институтунан такташкандай, жер титирөө бүгүн таңкы саат 4ттөр чамасында болгон. Силкинүү Лейлек районунун Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана… Кененирээк…

Кыргызстанда дем алыш күндөрү 16 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда дем алыш күндөрү 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Талас облусунда 2, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.… Кененирээк…

Стамбул: жардырууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Стамбулдагы жардырууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 13-ноябрда Стамбул шаарынын Бейоглу районунун Истикляль көчөсүндө жардыруу болгон. Түркия бийлигинин маалыматы боюнча андан 6 адам каза болуп, дагы 50дөн ашыгы жараат алган. Президент Режеп Тайып Эрдоган билдирүү жасап, бул жардыруу террордук… Кененирээк…

Парижде учкучсуз жүргөн такси ачык асман алдында алгачкы учуусун жасады

Парижде учкучсуз жүргөн такси ачык асман алдында алгачкы учуусун жасады. Германияда жасалган аппарат Франциянын борборунун чет жакаларында 20 чакырымдай учуп өткөн. Пилотсуз унаа эки кишиге ылайыкталган. Ал саатына 110 километр ылдамдыкта уча алат. Азыр немис өндүрүштүк компаниясы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө аэротакси кызматын ишке ашыруунун… Кененирээк…

Принцесса Диана үчүн атайын жасалган сумка аукциондо 10 миң долларга сатылды

Принцесса Диана үчүн атайын жасалган кол сумка аукциондо 10 миң долларга сатылды. Кеп крокодилдин терисинен жасалган буюм тууралуу болуп жатат. Диана аны өзүнүн курбусу, Грециянын жүк ташыган магнатынын жубайы Крисанти Лемоско белек кылган. Белгилүү болгондой, аялдар 1996-жылы дасторкондо таанышкан. Белекте принцессанын өз колу менен «Диананын… Кененирээк…

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Үч кабаттуу имарат 750 окуучуга ылайыкталган. Мектепте негизги жана көмөкчү жайлар долбоорлонгон, анда окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган. Белгилеп кетсек, ордо калаада быйыл 15 мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү… Кененирээк…

Стамбул: жардыруудан кеминде алты киши каза тапты

Жекшемби, 13-ноябрда Стамбулдун борборунда жардыруу болуп, кеминде алты киши каза тапты, 53 киши ар кандай жараат алды. Бул тууралуу «Азаттык» Reuters агенттигине шилтеме берип жазды. Белгиленгендей, окуяны Стамбулдун губернатору Али Йерликая өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу да тастыктады. Маалыматка ылайык. жардыруу Таксим борбордук аянтына жакын жайгашкан… Кененирээк…