Кыргызстандын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Коңшу Кытай жана Казакстанда 28-ноябрга караган түнү жер титиреп, анын силкиниши Ош жана Талас облустарынын аймагында да сезилди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, түнкү саат 2де Кытайдын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Ош облусунун Алай районунун Эркеч-Там, Нура айылдарында 4,5 балл, Терек,… Кененирээк…

Баткен шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Баткен шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан такташкандай, мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алды. Ага ылайык, облустук, райондук деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын шаарда өткөрүүгө чектөөлөр кийинки жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Мэриянын бул кадамы быйыл сентябрдагы чек ара… Кененирээк…

Японияда 1-декабрдан тарта электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Япония быйыл кышында электр жарыгы жетишсиз болушу мүмкүн деп кооптонууда. Мындан улам өкмөт электр энергиясын үнөмдөө режимин киргизүүнү чечти. Бул чаралар 1-декабрдан кийинки жылдын мартына чейин күчүндө болот. Бийлик элге кондиционерлердин температурасын төмөндөтүүнү, мындан тышкары, пайдаланылбаган бөлмөлөрдө жарыкты өчүрүү сунуштады. Белгилеп кетсек, кышкы электр энергиясын… Кененирээк…

Гана бензинди алтын куймалары менен төлөөнү чечти

Улуттук валюта седи рекорддук темп менен арзандап жаткандыктан, Гана бийлиги мунай продуктылары менен камсыз кылуу акысын алтын менен төлөй турганын жарыялады. Белгилеп кетсек, Гана суткасына 173 миң баррелге жакын мунай өндүрөт, бирок аны кайра иштетүү боюнча акыркы завод өлкөдө беш жыл мурун жабылган. Мындан улам… Кененирээк…

Сауд Арабиянын ханзаадасы футболчуларга кымбат баалуу белектерди берди

Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Сальман Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын ачылышында улуттук футбол командасы Аргентина курамасын жеңгенден кийин Роллс-Ройс Фантом үлгүсүндөгү унаадан белекке берди. Белгиленгендей, бир машиненин баасы 460 миң доллардан 550 миң долларга чейин жетет. 22-ноябрда Сауд Арабия Аргентинаны 2:1 эсебинде утуп алган.… Кененирээк…