Баткен шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Баткен шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди.

Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан такташкандай, мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алды.

Ага ылайык, облустук, райондук деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын шаарда өткөрүүгө чектөөлөр кийинки жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Мэриянын бул кадамы быйыл сентябрдагы чек ара жаңжалында курман болгондор, жарадарлар жана үй-жайсыз калгандардын абалына байланыштуу.

Чектөөлөр Жаңы жыл, 8-март, Нооруз, Акыркы коңгуроо, Балдарды коргоонун эл аралык күнү, Жеңиш майрамы, Эгемендүүлүк күнүн жана кесиптик майрамдарды белгилөөгө тиешелүү.