Сузак районунда жаңы мектептин курулушу башталды

Сузак районунда жаңы мектептин курулушу башталды.   Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Таран-Базар айылында пайда болот.   Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 200 окуучуга чакталат. Долбоорду ишке ашырууга 56 миллион сом жумшалат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Курулуш иштери кийинки жылдын сентябрында аяктайт… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 15-декабрдан кийин белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 15-декабрдан кийин белгилүү болот. Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, тестке 1 миңден ашык абитуриент катышты.   Көбү бир күн калганда каттоодон өткөн. Учурда эксперттер катышуучулардын жоопторун сканерден өткөүп, аларды дискке көчүрүп, атайын жайга сактоого жеткирилет.   Андан… Кененирээк…

Жолчулар өлкөнүн башкы өтмөктөрүндө нөөмөттө турат

Жолчулар өлкөнүн башкы өтмөктөрүндө нөөмөттө турат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө атайын техника иштеп, трасса кардан тазаланып жатат.   Инерттүү материал себилүүдө. Бишкек – Ош унаа жолуна сапарга чыга турган айдоочуларга транспорттун техникалык абалын текшерип, этият болуп, дөңгөлөктөрүн кышкыга… Кененирээк…

Кыргызстанда кубаттуулугу 100 мегаватты түзгөн күн электр станциясы курулат

Кыргызстанда кубаттуулугу 100 мегаватты түзгөн күн электр станциясы курулат.   Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруу Эл аралык каржы корпорациясы менен биргеликте жүргүзүлөт.   Ведомстводон белгилешкендей, объекттин курулушу электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртып, жалпы экономиканын өнүгүшүнө салым кошот. Долбоордун баасы жана ишке ашыруу мөөнөтү… Кененирээк…

Индия океанды изилдөө үчүн космоско ракетасын ийгиликтүү учурду

Индия океанды изилдөө үчүн космоско ракетасын ийгиликтүү учурду. Учуруу Шрихарикота аралындагы улуттук космодромдон ишке ашырылды. Бортто тогуз спутник, анын ичинде океандардагы процесстерге байкоо жүргүзүү үчүн арналган жаңы аппарат Oceansat 3 бар. Орбитага чыгаруу пландаштырылган кичинекей спутниктердин арасында Бутанда жасалган техника да бар. Анын салмагы болгону… Кененирээк…

Бишкекте карызын төлөбөгөн 4,3 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Эртеңден тарта Бишкекте карызын төлөбөгөн 4 миң 300 абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, бересеси барлардын электр энергиясы аралыктан чектелет. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. Карызды почта бөлүмдөрүндө, кезек күтпөстөн терминалдар, электрондук капчыктар аркылуу дагы төлөсө болот.

Катар-2022: Бүгүн Роналду менен Суарес беттешет

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алкагында бүгүн Криштиану Роналду менен Луис Суарес беттешет. Тайпалык баскычтын экинчи турунун финалдык оюндарында Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 4тө Камерун — Сербия, кечки саат 7де Корея – Гана оюн талаасына чыгат. Ал эми түнкү саат 10до Бразилия… Кененирээк…

Бишкекте троллейбус айдоочулары медициналык биринчи жардам комплекти менен камсыздалды

Бишкекте троллейбус айдоочулары медициналык биринчи жардам комплекти менен камсыздалды. Мэриянын маалыматына ылайык, анда эң керектүү дары-дармектер бар. Ошондой эле айдоочулар күн сайын медициналык кароодон өтөт. Алардан спирт ичимдиктери текшерилип, кан басымы өлчөнөт.

Армения Кыргызстанга 5 жылга чейин пайызсыз насыя берет

Армения Кыргызстанга 5 жылга чейин пайызсыз насыя берет. Ал эми Кыргызстан бул каражатты өндүрүлгөн продукция менен төлөйт, — деди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров. Анын айтымында, насыя Баткен облусунда 500 гектар жерге өрүк көчөттөрүн отургузууга жумшалат. Көчөттөр Италиядан алып келинет. Ошондой эле, Баткенди өнүктүрүү фондунун… Кененирээк…

Караколдо 100 миллион сомго спорт комплекс куруу пландалууда

Караколдо 100 миллион сомго спорт комплекс куруу пландалууда. Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти аталган шаардагы курулуш үчүн тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалгандай, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 12-декабрда аяктайт. Техникалык негиздемеге ылайык, комплекс көп функциялуу болуп, эки блоктон турат.