Гана бензинди алтын куймалары менен төлөөнү чечти

Улуттук валюта седи рекорддук темп менен арзандап жаткандыктан, Гана бийлиги мунай продуктылары менен камсыз кылуу акысын алтын менен төлөй турганын жарыялады.

Белгилеп кетсек, Гана суткасына 173 миң баррелге жакын мунай өндүрөт, бирок аны кайра иштетүү боюнча акыркы завод өлкөдө беш жыл мурун жабылган.

Мындан улам бийлик бензин, дизель жана башка мунай продуктуларын импорттоого аргасыз.

Ошол эле учурда Гана Африкадагы эң ири алтын өндүрүүчү болуп саналат.

Алсак, БУУнун маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкөдө 117 тонна баалуу металл казылып алынган.