Саламаттыкты сактоо министрлигинде мектептерде карантин киргизүү суроосу талкууланып жатат

Саламаттыкты сактоо министрлигинде мектептерде карантин киргизүү суроосу талкууланып жатат. Бул тууралуу 24 агенттигине ведомство жетекчисинин орун басары Улан Садыков билдирди.

 

Анын айтымында, учурда курч респиратордук вирустарга кабылгандардын саны кескин өсүүдө. Андыктан, мектептер жана стационарлардан маалымат күн сайын чогултулуп, канча бала ооруп, канчасы мектепке барбай калганы такталып жатат.

 

Андан кийин карантин боюнча бирдиктүү чечим кабыл алынат, — деди чиновник.