Бишкектеги мектептер 2 күнгө онлайн окутууга өттү

Бишкектеги мектептер 2 күнгө онлайн окутууга өттү.

 

Билим берүү башкармалыгы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына байланыштуу мектептер 9-10-декабрда ондайн форматта окутууга өткөнүн билдирди.

 

Ага ылайык, мектеп директорлору ата-энелерге бул тууралуу кабар берүүгө милдеттендирилди. Мындай чечим бул күндөрү шаарда жолдор маал-маалы менен жабылып, коомдук транспорттун каттамы чектелгенинен улам кабыл алынды.