Бишкекте бул жуманын аягы катуу суук болот

Бишкекте бул жуманын аягы катуу суук болот. Синоптиктердин айтымында, ордо калаада күндүз термометр мамычалары  -7 градуска чейин түшөт. Кар кечкиге чейин тынбай жаайт.

 

Эртең жаан-чачын токтоп, күн чыкканы менен аба табы жылыбайт. Ишемби, жекшемби күндөрү ордо калаада күндүз температура -9, ал эми түнкүсүн -14 градуска чейин төмөндөйт.