Бишкекке Касым-Жомарт Токаев менен Никол Пашинян келди

Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, аларды «Манас» аба майданынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны башталат. Ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары катышат жана учурдагы экономикалык абалды, евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкууланат. Отурумда биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин дагы Бишкекке 9-декабрда келди. Бул анын быйыл февралда Орусия Украинага кол салгандан берки Кыргызстанга биринчи сапары болуп калды.

8-декабрда президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алып, отурумдун күн тартибин, Евразия экономикалык биримдигинин учурдагы абалын жана келечегин талкууган. Ушул күнү ЕАЭБдин жыйынына катышуу үчүн алгачкылардан болуп беларус лидери Александр Лукашенко Кыргызстанга келген.

Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын айтып жүрүшөт.