Бишкек – Ош унаа жолунда чектөөлөр киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунда чектөөлөр киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бул тоолуу тилкелерде кар көчкү түшүү коркунучу сакталганына байланыштуу.

 

Ведомстводон белгилешкендей, трасса кыймылга ачык. Болгону Сосновка, Арал постторунда жана Өтмөк ашуусунда унаалар 500 метрлик аралык менен өткөрүлүп жатат. Мындай чектөөлөр бүгүн жана эртең күчүндө болот. Андан кийин аба-ырайынын шарттарына жараша чечим кабыл алынат.