Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин кытайлык адистер жакын арада тапшырат.
Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Маалым болгондой, адистердин тобу Нарын жана Жалал-Абад облустарында талаа иштерин жүргүзүштү.
Эксперттер топографиялык изилдөөлөрдү, кыртыштын үлгүлөрүн сыноо сыяктуу жумуштарды аткарышты.
Эске салсак, темир жол куруу долбоору боюнча кызматташуу келишимине сентябрда Самаркандда кол коюлган.