Испаниянын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Луис Энрике кызматын тапшырды

Испаниянын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Луис Энрике кызматын тапшырды. Жаңы машыктыруучу болуп 61 жаштагы Луис де ла Фуэнте дайындалды.

 

Ал буга чейин Испаниянын жаш курамасын машыктырып, Европа чемпионатын багындырган. Эске салсак, Луис Энрикенин тарбиялануучулары дүйнө чемпионатынын жарым чейрек финалында Марокко курамасына пенальти сериясында утулуп, турнирден четтеп калды.