Улуу Британиялык жуп велосипед менен жер шарын кыдырып чыкты

Улуу Британиялык жуп велосипед менен жер шарын кыдырып чыкты.   Алар 21 өлкөнү басып өткөн 29 миң чакырым жол жүрдү. Жалпысынан саякат 180 күнгө созулган. Бул сапар жаңы дүйнөлүк рекордко талапкер болуп жатат.

Бишкекте жаңы жыл түнү көз жоосун алган салют уюштурулат

Бишкекте жаңы жыл түнү көз жоосун алган салют уюштурулат. Бул максатта мэрия 755 миң сом жумшайт.   Андан тышкары, муниципалитет чыгармачыл топтордун жана эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа даярдайт.   Эске салсак, өткөн жылы ордо калаа бийлиги ыштан улам жаңы жылдык салюттан баш тарткан болчу.

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун биринчи туру 26-31-декабрь аралыгында өтөт

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун биринчи туру 26-31-декабрь аралыгында өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Экинчи этап 9-январда башталып, 14үндө аяктайт, үчүнчүсү – 16сынан 21-январга чейин болсо, акыркы төртүнчү этап 23үнөн 28-январга чейин белгиленди.   Бардык турлардын жыйынтыгы менен Билимди баалоо жана… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел”  өткөрүү бекетин ачуу пландалууда

  Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел”  өткөрүү бекетин ачуу пландалууда. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кытайдын СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмей менен жолугушту.   Тараптар  Кытай — Кыргызстан —Өзбекстан темир жолун куруу жана “Бедел” өткөрүү пунктун куруу боюнча биргелешкен долбоорлор боюнча тыгыз… Кененирээк…

Лионель Мессинин дүйнө кубогу менен түшкөн сүрөтү инстаграм тарыхында эң популярдуу пост болду

Лионель Мессинин дүйнө кубогу менен түшкөн сүрөтү инстаграм тарыхында эң популярдуу пост болду. Аргентина курамасынын чабуулчусу Катардагы финалдан кийин социалдык баракчасына сүрөт жүктөгөн.   Ага 67 миллиондон ашык колдонуучу лайк басты. Муну менен публикация буга чейинки кадимки жумуртка койгон рекорддон ашып өттү. 2019-жылы жарыяланган жумуртканын… Кененирээк…

Кочкордо заманбап спорт комплекс ачылды

Кочкордо заманбап спорт комплекс ачылды. Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы имаратты курууга республикалык бюджеттен 37 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.   Спорт комплексте баскетбол-волейбол аянтчасы, күрөш, теннис, шахмат жана машыгуу залдары бар. Ал күнүнө 120 спортчуну машыктырууга бардык керектүү заманбап шаймандар менен жабдылган.

Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге 27,6 миллион сомго насыялары чийилди

Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге 27,6 миллион сомго насыялары чийилди. Андан тышкары, 52 миллион сомго барабар 204 кредит боюнча шарттар жеңилдетилди.   Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан каржы-кредиттик уюмдарга 500гө жакын жарандан арыз келип түшкөн. Мекемелер аларды изилдеп, банк мыйзамдуулугуна жараша чечим чыгаруусун улантууда.

Улуттук банк валюта рыногуна рекорддук суммада доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна рекорддук суммада доллар сатты.   Кечээ интервенцияда 87,5 миллион доллар сатылды. Бул каржы рыногун жөнгө салган органдын тарыхында рекорддук көрсөткүч.   Буга чейин эң ири интервенция жыл башында, 27-январда жасалып, 86,5 миллион доллар сатылган болчу. Быйыл өлкөнүн башкы каржы мекемеси тарабынан… Кененирээк…