Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун биринчи туру 26-31-декабрь аралыгында өтөт

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун биринчи туру 26-31-декабрь аралыгында өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 

Экинчи этап 9-январда башталып, 14үндө аяктайт, үчүнчүсү – 16сынан 21-январга чейин болсо, акыркы төртүнчү этап 23үнөн 28-январга чейин белгиленди.

 

Бардык турлардын жыйынтыгы менен Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна жогорку окуу жайда окуй турганын тастыктаган абитуриенттердин тизмеси  жөнөтүлөт. Ведомстводон белгилешкендей, күзгү тестирлөөнүн катышуучулары орточо эсеп менен 126 баллдан топтоду.