Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү бекетин ачуу пландалууда. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кытайдын СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмей менен жолугушту.
Тараптар Кытай — Кыргызстан —Өзбекстан темир жолун куруу жана “Бедел” өткөрүү пунктун куруу боюнча биргелешкен долбоорлор боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты. Белгилеп кетсек, “Бедел” чек ара түйүнү Ысык-Көл облусунун Үзөңгү-Кууш жайлоосу тарапта жайгашкан.