Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге 27,6 миллион сомго насыялары чийилди

Чек ара жаңжалында жабыркаган баткендиктерге 27,6 миллион сомго насыялары чийилди. Андан тышкары, 52 миллион сомго барабар 204 кредит боюнча шарттар жеңилдетилди.

 

Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан каржы-кредиттик уюмдарга 500гө жакын жарандан арыз келип түшкөн. Мекемелер аларды изилдеп, банк мыйзамдуулугуна жараша чечим чыгаруусун улантууда.