Гонконг майрам алдында коронавируска каршы чараларды жеңилдетти

Гонконг майрам алдында коронавируска каршы чараларды жеңилдетти. ТАССтын маалыматына ылайык, 22-декабрдан тарта туристтер менен жергиликтүү тургундар клубдарга жана барларга коронавируска тесттин жыйынтыгын көрсөтпөстөн бара алышат. Мындан тышкары, кинотеатрлар толугу менен толтурулуп, банкеттерге келген коноктордун саны чектелбейт. Ошол эле учурда Гонконгдо күчөтүлгөн беткап режими жана адамдарды… Кененирээк…

Кыргызстанда 30-декабрдан тарта электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болот

Кыргызстанда 30-декабрдан тарта электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми Кыргызстандыктар «Түндүк» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу документтерди санарип форматта мамлекеттик мекемелерге, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтө алат. Алсак, паспорт, туулгандыгы тууралуу, айдоочулук күбөлүктөр жана башка… Кененирээк…

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун ТЭОсу 1-июнга чейин бүтүшү керек

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси 1-июнга чейин бүтүшү керек. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Ведомство эскерткендей, бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жана андан ары Европа Биримдигине товарларды жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор жүктөрдү жеткирүүнүн аралыгын жана… Кененирээк…

Бишкекте соңку күндөрү турукташкан жылуу күндөрдү суук алмаштырат

Бишкекте соңку күндөрү турукташкан жылуу күндөрдү суук алмаштырат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, аба-ырайынын бузулушу бүгүн кечинде эле байкалат.   Ордо калаада катуу шамал болуп, кар жаайт. Ал эми эртең термометр мамычалары нөлдөн жогору көтөрүлбөйт. Эртең жаан-чачын басылганы менен, кайрадан жума күнү жаайт. 23-декабрда күндүз Бишкекте 6… Кененирээк…

Токтогул районунун Кара-Көл шаарына 3 автобус сатып алынат

Токтогул районунун Кара-Көл шаарына 3 автобус сатып алынат. Жергиликтүү мэрия жүргүнчү ташуучу транспортту сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул максатта дээрлик 8 миллион сом бөлүнөт.   Автобустар дизель менен жүрүп, 18 орундуу болот.

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдардын суммасын жогорулатуу пландалууда

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдардын суммасын жогорулатуу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Документте айтылгандай, бүгүнкү күндө пособиенин орточо өлчөмү 1 миң сомго барабар. Бул сумма жашоого зарыл минимум болгон 8 миң 100 сомго туура келбейт. Инфлянияны… Кененирээк…

Бразилиянын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде лидерлик позициясын сактап калды

Бразилиянын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде лидерлик позициясын сактап калды. Белгилеп кетүүчү нерсе – эгер Аргентина же Франция кошумча убакыттын ичинде жеңишке жетсе, автоматтык түрдө биринчи орунга чыкмак.   Бирок жеңүүчү пенальти сериясы менен аныкталгандыктан, Бразилия өз ордунда калды. Аргентина менен Франция бир позицияга көтөрүлүп,… Кененирээк…

Кыргызстандагы эң бийик балатынын оту Ош шаарында жанды

Кыргызстандагы эң бийик балатынын оту Ош шаарында жанды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чара шаар бийлиги жана жергиликтүү артисттердин катышуусу менен өттү.   Балатынын бийиктиги 29 метрди түзөт. Ал Бишкектин Ала-Тоо аянтында орнотулган өлкөнүн башкы балатысынан 4 метрге бийик.

Күзгү жалпы республикалык тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышты

Күзгү жалпы республикалык тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышты. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, катышуучулардын 71 пайызы 100дөн жогору балл топтой алды.   ЖРТнын жыйынтыгы менен орточо балл – 126 деп орнотулду. Эске салсак, быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу жүргүзүлөт. Ал… Кененирээк…