Кочкордо заманбап спорт комплекс ачылды

Кочкордо заманбап спорт комплекс ачылды. Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы имаратты курууга республикалык бюджеттен 37 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.

 

Спорт комплексте баскетбол-волейбол аянтчасы, күрөш, теннис, шахмат жана машыгуу залдары бар. Ал күнүнө 120 спортчуну машыктырууга бардык керектүү заманбап шаймандар менен жабдылган.