Криштиану Роналду Сауд Арабияга келди. Форварддын учагы “Аль-Наср” клубу жайгашкан Эр-Рияд шаарына конду. Жакынкы арада футболчу команданын жетекчилиги менен жолугушат.
Клуб өз кезегинде, Роналду менен келишимге тез арада кол коюу ниетинде. Эске салсак, “Манчестер Юнайтед” 22-ноябрда чабуулчу менен макулдашуу жокко чыгарылганын расмий жарыялады. Буга футболчунун чуулгандуу интервьюсу себеп болгону айтылууда. Анда ал машыктыруучуну жана жетекчиликти айыптаган.