Накталай эмес төлөмдөр бардык мамлекеттик мекемелерде жеткиликтүү болот

Жарандарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөткөн бардык мамлекеттик мекемелерде накталай эмес төлөмдөр ишке ашырылат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.

Документке ылайык, мамлекеттик мекемелер 31-январга чейин атайын жабдууларды орнотуу боюнча банктар менен келишим түзүшү керек.

Ал эми 2023-жылдын апрелинде келишим боюнча бардык милдеттенмелер аткарылышы зарыл.