Кыргызстан ушул жылдын 10 айында Европа өлкөлөрүнө 79 миң 526 тонна көмүр экспорттоду.
Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күздөн бери аталган көлөмдүн төрттөн бир бөлүгү — 22 миң тоннадан ашыгы жеткирилген.
Белгилеп кетсек, былтыр Европа өлкөлөрү Кыргызстандан катуу отун сатып алышкан эмес.
2022-жылы Европанын 6 өлкөсү ата мекендик көмүрдү импорттогон.