Бишкек бийлиги ордо калаанын 4 районунун аталышын өзгөртүү ниетинде

Бишкек бийлиги ордо калаанын 4 районунун аталышын өзгөртүү ниетинде. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев билдирди.

 

Ал эске салгандай, бул маселе Элдик курултайда көтөрүлгөн. Чиновник белгилегендей, ведомство мыйзам иштеп чыгууга даяр жана жергиликтүү бийликтин сунуштарын күтөт. Кошумчалап кетсек, учурда Бишкектин райондору Биринчи май, Октябрь, Ленин жана Свердлов деп аталат, бул совет доорунда коюлган аталыштар.